Улуттук энергохолдинг өлкө боюнча жарык өчүрүүнүн себебин айтты

Кыргызстандын энергосистемасы аба-ырайынын төмөндөшүнөн улам, жүктөмдү көтөрө албай, өлкө боюнча электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу 10-ноябрда Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы кабарлады.

Kaktus.media Бишкектин тургундарына таянып, жарык 9-ноябрдан бери өчүп жатканын, айрым райондордо дагы деле күйө электигин жазды.

Анда аба-ырай кескин сууктап кеткендиктен электр жарыгын керектөө кыйла көбөйгөнү белгиленди.

«Электр жабдыктарына болгон жүктөмдүн жогорулашына байланыштуу, аларды авариядан сактап калуу максатында автоматтык өчүрүүлөр болду […] Учурда энергосистемадагы кырдаал туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар, Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга, жүктөм көп болгон учурда электр энергиясын көп талап кылган жабдыктарды өчүрүп, жылытуунун альтернативдүү түрлөрүн колдонууга чакырат.

Улуттук энергохолдинг мындай чакырык менен биринчи жылы эле чыгып жаткан жок. Компания электр жарыгын үнөмдүү пайдалануу боюнча жыл башында эле өтүнгөн.

Буга чейин Кыргызстанда электр жарыгы жетишсиз болуп, 2022-жылдын соңунда жарык маал-маалы менен өчүрүлө турганы айтылган.

Бирок бийлик электр жарыгын импорттоонун көлөмү өскөндүктөн, өчүрүүлөр болбойт деп ишендирүүдө.