Улуттук статком: Тамак-аш былтыркыга салыштырмалуу 14%га кымбаттады

Кыргызстанда тамак-ашка, алкоголсуз суусундуктарга болгон баа былтыркыга салыштырмалуу 14,8%га кымбаттады. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, башка товарлар 11,4%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтар 8,4%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы 21,7%га кымбаттаган.

Кымбаттолор өлкөнүн бардык аймактарында байкалган. Нарын облусунда башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баа эң жогору — 43%га кымбаттаган.

Үстүбүздөгү жылдын май айында «Клооптун» журналисттери Улуттук статистика комитетинин негизги азык-түлүктөргө карата бааларга мониторингинин* маалыматтарын талдап чыгып, 2019-жылдын апрелинин аягынан бери азык-түлүктүн баасы орто эсеп менен бир жарым эсе кымбаттаганын аныкташкан.

Баалардын кымбатташына биринчи кезекте COVID-19 пандемиясы жана мамлекеттердин чек аралары жабылганы, андан кийин Украинадагы согуш таасир эткен.

Көбүнесе суу майдын жана кумшекердин баасы эки эсе өскөн.

Ундун баасы бир жарым эседен ашык кымбаттаган. Жалпы алып караганда, баарынан да эттин баасы жогорулаган.

Жалпы айтканда талдоо баалар дээрлик ай сайын, падемия башталгандан бери өсүп жатканын көрсөтүп турат. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча азык-түлүк продукцияларынын жана суусундуктун бааларынын өсүшү дээрлик 18%ды, ал эми 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча — 13%ды түзгөн.

Бирок ал арада калктын кирешеси алда канча жай өсүп жатат. 2020-жылдын декабрында орточо айлык маяна 13,5%га, ал эми 2021-жылдын декабрында 9,7%га өскөн. Демек, кыргызстандыктардын маянасы азык-түлүктү көп алууга жетпей баратат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук статком: Жыл башынан бери азык-түлүк 12,5%га кымбаттады

Азык-түлүктүн баасы пандемия башталгандан бери өсүп жатат. ИИМдин башчысына жооп