Президенттин ӨКМдин иш-чарасында кийген кийими болжол менен 2 миң доллардан 5 миң долларга чейин турат

Сүрөт: Президенттин администрациясы

Президент Садыр Жапаров 13-августта ӨКМге атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты. Анда Жапаровдун иш-чарага кийип барган сырткы кийими көңүлдү бурду.

Журналисттер өлкө башчынын кийимин италиялык Ermenegildo Zegna брендине таандык кашемир кардиганына окшоштурушту. Аталган кардигандын баасы Москванын ЦУМунун сайтында 299 500 рубль деп көрсөтүлгөн. Бул — болжол менен 400 миң сомдон ашык же 5 миң АКШ долларына жакын акчаны түзөт.

Бренддин расмий сайтынан мындай кардигандын көгүлтүр түстөгүсүн гана таба алдык. Бирок анда баасы көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми Boyds Philadelphia кийимдер дүкөнүнүн сайтында Жапаровдукуна окшош кардигандын баасы арзандатуу менен 1 948 доллар деп көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаровдун кымбат баалуу кийимдери

Президенттин кийими биринчи жолу эле көңүлдү буруп жаткан жок. 29-июнда ал Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине италиялык MOORER брендине таандык куртка кийип барганы айтылган.

Бренддин сайтында Жапаровдун курткасы 1020 евро экени көрсөтүлгөн.

Ал эми 2-майда ал Айт намазына жаңы күрмө кийип барган. Күрмө италиялык Paul&Shark брендине таандык экени аныкталган. Анын баасы бренддин расмий сайтында 1 014 евро же 87 600 сом деп көрсөтүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын февралында болсо Садыр Жапаров Бишкектеги Ош базарын кыдырып, соодагерлер менен жолуккан. Анда соцтармак колдонуучулары куртка италиялык Stefano Ricci эркектер кийиминин элиталык брендине таандык экенин аныкташкан. Бренддин расмий сайтында кундуз жакалуу куртканын баасы 5900 доллар экени айтылат.

Андан мурдараак, 1-январда, президент жубайы Айгүл Жапарова менен Каракол тоо-лыжа базасына барган. ЖМКлар менен соцтүйүндөрдүн колдонуучулары анда да президент менен биринчи айымдын лыжа үчүн кийген формаларына көңүл бурушкан.

Анда президент Lynn’дун ак лыжа костюмун кийип жүргөнү белгилүү болгон. Toni Sailer’дин расмий сайтында мындай костюмдун баасы 1 099 евро турат. Ал эми биринчи айым баасы 1 099дан 1 500 еврого чейин болгон Elin Light Fog сериясындагы куртканы кийип жүргөн.

Жапаровдун кымбат баалуу кийимдери — интернет колдонуучулар байкаган жалгыз нерсе эмес. Дээрлик бардык иш-чараларга президент дүйнөгө таанымал Apple брендинин iPad планшетин алып жүрөт.

Apple’дын сайтындагы маалыматтарга таянсак, мындай планшеттин баасы түзүлүшү жана чыгарылган жылына жараша 799 доллардан 1000 долларга чейин жетет. Планшет менен бирге Жапаров баасы 299 долларлык Apple’дын атайын баскычтарын (клавиатура) колдонот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Factchek.kg: Жапаровдун Айт намазга кийген күрмөсү 1000 евро турган италия бренди болушу мүмкүн

Factcheck.kg: Жапаров Солтон-Сарыга италиялык брендге таандык, баасы 1 020 евролук куртка кийип барды

«5,9 миң доллар». Жапаровдун базарга кийип барган курткасынын баасы талкууга алынды