«Убакыт аз». Актёр Азиз Мурадиллаевдин бооруна операция жасатууга акча чогултула баштады

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев Бишкектеги ооруканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова фейсбук барагына жазды.

Ал дарыгерлер актёрдун абалын «туруктуу оор» деп баалап жатышканын белгилеп, бооруна операция жасатуу үчүн акча чогултулуп жатканын айтты.

«Сүйлөбөйт, бирок тамагынан суюктук өтө баштады. Түркиянын, Орусиянын клиникалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Боорду алмаштырууга жетишип калуу керек», — деди ал.

Молдокматова убакыт аз экенин жана операция жасатууга көп суммадагы акча керектигин белгиледи. Анын айтымында, актёрдун жакындарында андай катажат жок.

Мурадиллаевге төмөнкү банктык эсеп боюнча жардам берсе болот:

  • Элсом — 0553330431 (Мурадаллиевдин жубайы, Элвираныкы);
  • Optima — 4169 5853 4877 4703 (A.Li);
  • Сбербанктагы эсеп — 2202202376920157;
  • Тинкофф Банктагы эсеп — 4377723789917360 (Чукуев Арсен Кубанычбекович)

Азиз Мурадиллаев сарыктын С түрүнө чалдыгып, оорусу боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы ал Москвада жана Түркияда дарыланган. Анда боорун алмаштыруу зарылдыгы жок экени айтылып, актёр элден чогулган акчанын калганын режиссёр Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

44 жаштагы Мурадиллаев театрда жана бир нече белгилүү тасмаларда роль аткарган. Ал коомчулукка «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.