Жалал-Абад: Тургундар эки апта мурда колдонууга берилген жол талкалана баштаганын айтышууда

Сүрөт: T-Media

13-декабрда Жалал-Абад шаарынын тургундары Шопоков көчөсүндөгү жол «сапатсыз курулганына» даттанышты. Алар аз күн мурда колдонууга берилген жолдо чуңкурлар пайда боло баштаганын айтышты.

Маалыматка ылайык, жолдун курулушу быйыл апрель айында башталып, дээрлик жети айдан кийин — 26-ноябрда пайдаланууга берилген.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жолдун айрым бөлүктөрү тешилип, жаан жааганда көлчүктөр пайда боло баштады. Алар бийликтен ири суммадагы акча каражаты сарпталган көчөнүн сапатына маани берүүнү талап кылып жатышат.

«Кургак кезде оюлган жерлери көрүнбөй турат, бирок жамгыр жааганда суу, көлмөлөр жолдун ортосуна топтолуп калат. [Жол куруу] технологиясы боюнча жолдун ортосу дөңчө, чекелери ылдый болуп, суу арыкка чыгып кетиши керек. Азыр тескерисинче ортодо калып жатат. Эми жол тез арада бузулуп баштайт», — деп билдирди жергиликтүү тургун.

Жолдун узундугу 1167 метр, ал эми кеңдиги 21 метрди түзөт. Андан сырткары эки тарабына тротуар салынып, жарыктандырылган. Ага шаардык казынадан жалпысынан 42 млн сом бөлүнгөн.

Бирок тургундардын айтымында, жол менен чогуу салынган суу алып өтүүчү түтүкчөлөрдүн орду асфальттан кадимкидей айырмаланып турат. Түтүкчө бар жерлер ылдый түшүп, калган бөлүгү бийик болуп калган.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос Тагаев «Т-Медиа» басылмасына комментарий берип, түтүкчөлөрдүн ордун оңдоп-түзөө Жалал-Абад суу башкармалыгынын милдети экенин белгиледи.

«Буюрса, люктардын ордун тегиздеп, көтөрүп, жолдогу чуңкурларды бузулуп кете электе жасайбыз. Ушул жума ичи бүтөт. Жолду салган компанияны чакырып, кемчиликтердин баарын айттык. [...] Алардын баарын мыйзам чегинде жасатабыз», — деп билдирди Тагаев.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин сапары, чөп баскан асфальт: «МедиаХаб» Баткендин стадионун оңдоодо мыйзам бузууну аныктады

Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы төрт көчөгө өз чөнтөгүнөн асфальт төшөп берди

Ош шаарында жарым жыл мурда оңдолгон жолдун асфальты чөгүп кетти. Тараптардын талашы