Президенттин сапары, чөп баскан асфальт: «МедиаХаб» Баткендин стадионун оңдоодо мыйзам бузууну аныктады

«МедиаХабдын» иликтөөчү журналисттери Баткен шаарынын борбордук стадионун оңдоп-түзөө иштеринде одоно мыйзам бузуу болгонун аныкташты. Бул тууралуу иликтөө 6-майда жарыяланды.

Маалыматка караганда, стадиондун оңдоп-түзөө иштерине мэрия тарабынан 15 млн 148 миң сом каралган. Асфальт төшөө жана башка оңдоо иштери 21-мартка чейин жасалган. Ал эми тендер 28-мартта гана жарыяланган — бул мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын одоно бузуу болуп эсептелинет.

Тендер эки бөлүктөн туруп, биринчисисин Курбанбек Соорбеков аттуу жеке ишкер уткан. Соорбеков өз кызматы үчүн 8 млн 494 миң сом сунуштаган. Ал эми экинчи бөлүгүн кызматын 6 млн 481 миң сомго баалаган «Жакшына Проект» компаниясы уткан. Жеңүүчүлөр 4-апрелде гана аныкталган.

Журналисттер тендерди өткөрүүдө жасалма атааңдаштык да болгон деп божомолдошту. Анткени мэрия өзү оңдоп-түзөөнүн биринчи бөлүгү үчүн 8 млн 494 миң 670 сом коротууну пландаган.

Ал эми тендерге катышкан «АлгиБилд» компаниясы 8 млн 706 миң 350 сом сунуштаган. Мындан сырткары тендерге катышкан дагы эки компания мэрия болжолдуу көрсөткөн сумманы сунуштаган. Адатта тендерди уткусу келген компания пландалгандан азыраак сумма сунуштайт.

«Мунун бардыгы тендер тек гана жасалма өткөрүлгөнүн, ал эми мамлекеттин акчасы мыйзамга ылайык иштетилбестен, иш жүзүндө каалаган кишиге карматыла берерин ырастап турат», — деди иликтөөчү журналист Али Токтакунов.

«МедиаХаб» тендерди уткан ишкер Курбанбек Соорбековго байланышкан. Ал асфальт төшөө иштерин жергиликтүү бийликтин суранычы менен 10 күн ичинде 17-мартка карата бүтүрүп бергенин билдирген. Ал мындай сураныч президенттин Баткенге жасаган сапары менен байланыштуу болгонун айткан. Ошондой эле тендер иш жасалып бүткөн соң өткөрүлгөнүн тастыктаган.

«Республикалык Ноорузду өткөрүү үчүн “срочно” болгон да. Президент келген. “Ошого жетишип жасап бер” деген, мен “макул” деп өзүмдүн акчама жасап бергем», — деген ал.

Ошондой эле ишкер акчасын «ушул күнгө чейин ала электигин» айткан.

Ал эми мэриянын басма сөз катчысы Данияр Ульмасов стадионду оңдоо иштери президенттин келерине шашылыш жасалганын ырастаган. Ал тендер бүткөнү менен, компаниянын иши бүтө элек дейт.

«Ал жерде бир гана асфальттоо, отургучтарды алмаштыруу эмес башка иштер да бар. Тендерде көрсөтүлгөн бардык жумуштар аткарылып, талаптар аткарылган учурда гана жергиликтүү бийлик тарабынан комиссия менен биргеликте кабыл алынат», — деп ишендирген ал.

Чөп баскан асфальт, Баткендеги Нооруз

Сүрөт: Нурпейил Ашур кызы/Kloop

Буга чейин соцтармактарда Баткендин стадионуна төшөлгөн асфальтка чөп чыгып кеткени тартылган сүрөттөр тараган. Коомчулук асфальттын «сапатсыз» төшөлгөнүнө нааразы болуп, бийликтин аракетин кескин сынга алган.

5-майда УКМК аталган факты боюнча иликтөө башталганын билдирген. Атайын кызматтан асфальт төшөө иштери «технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган» деп белгилешип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берүүнү убадалашкан.

Быйыл президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен 21-март — Нооруз майрамын Баткен облусунда тоскон. Ошол кезде шаан-шөкөт менен өткөн майрамга жергиликтүү бюджеттен 8,3 млн сом сарпталганы кабарланган болчу.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендеги чөп баскан асфальт: УКМК жагдайды көзөмөлгө алып, текшере баштады

Баткен: Президенттин катышуусундагы Нооруз майрамына 8,3 млн сом сарпталды – Factcheck.kg

«Баткен өнүксө — өлкө өнүгөт!» Президент жубайы менен Нооруз майрамын Баткенде тосуп жатышат