Билим берүү министрлиги: Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 509 мектеп карантинге жабылды

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 509 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева 15-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул республикадагы мектердин бештен бир бөлүгү — жалпысынан Кыргызстанда 2357 мектеп бар. Карантин жарыяланган мектептердин окуучулары онлайн окушат.

Ашымбаева өлкөнүн 1710 бала бакчасынын ичинен 168и да карантинге жабылганын кошумчалады.

Сасык тумоо, ооруканалардагы узун кезек

Мектептерди жабуу чечимин ведомство сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция күчөп жаткан шартта кабыл алды. Акыркы күндөрү Бишкектеги ооруканаларда кезек көп болуп жатканы айтылууда.

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев «Азаттыкка» берген интервьюсунда жыл сайын ушул маалда сасык тумоо күчөрүн айтып, бирок быйыл балдар башкача ооруп жатканын билдирген.

«Бизге келгендердин көбү жаш балдар. Алар дем алуу органдарынын курч мүнөздөгү вирустук оорулар менен кайрылышты. Мурдагы жылдагыга караганда оор абалда. Дем алуусу кыйындап, дене табы 39-40ка чейин чыгып кеткендери бар. Ошону менен бирге тарамыштары түйүлүүдө. Биз азыр аларга орун жок деп айта албайбыз. Коридорго болсо дагы жаткырып атабыз. Башкысы дарылашыбыз керек», — деген ал.

Жалпысынан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 5-декабрдан 11-декабрга чейин өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 14078 учуру катталган. Өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйгөн.

Ооругандардын ичинен дээрлик 70%ы — 14 жашка чейинки балдар.

«Курч респиратордук вирустук инфекциялардын учурлары туруксуз аба ырайы (муздак аба ырайы) менен шартталышы мүмкүн, бул организмдин коргонуу күчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келет жана оорунун өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган чоң адамдар басып жүрүп өткөрөт, ал эми санитардык-гигиеналык чаралар сакталбаса, балдарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору», — деп айтышууда министрликтен.