Кара-Сууда жарандык жолдошу тарабынан зомбулук көргөн аял каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунда жарандык жолдошу тарабынан зомбулук көргөн аял каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1-декабрда Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылында 36 жаштагы аялдын жансыз денеси өзү жашап жаткан үйүндөгү сандыктан табылган.

Милициянын айтымында, маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Кылмышка шектүү катары маркумдун 8 айдан бери жарандык никеде жашап жүргөн жолдошу 49 жаштагы Өзгөн районунун тургуну кармалган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Кыргызстанда жыл башынан бери он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 20га жакын аял каза тапкан.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сокулукта жарандык жолдошу сабаган 24 жаштагы аял каза тапты

Чүйдө аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген киши Орусиядан кармалды

ИИМ: Кыргызстанда он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапты

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү