Чүйдө аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген киши Орусиядан кармалды

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИБи

Чүй облусунун Сокулук районунда аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаран Орусиянын Ханты-Мансийск шаарынан кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 14-октябрда Сокулук районунун аймагындагы Чоң Чүй каналынан адамдын сөөгүнүн бөлүктөрү табылган. Ошол эле күнү сөөктүн калган бөлүгү каналдын башка жагынан табылган.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, табылган сөөктүн бөлүктөрү бир аялга таандык экени аныкталган. Бирок сөөктүн калдыктары чирип калгандыктан, маркумдун өздүгү кийинчерээк такталган.

Каза болгон аял Аламүдүн районунун Пригородное айылынын 48 жаштагы тургуну болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аны өлтүрүүгө 54 жаштагы күйөөсүнүн тиешеси бар экендиги аныкталган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кылмыш жасагандан кийин Орусияга кеткен. Кылмышкерге издөө жарыяланып, 25-ноябрда Ханты-Мансийск шаарынан кармалган. Ал аймактык милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнү Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү