Сокулукта жарандык жолдошу сабаган 24 жаштагы аял каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Сокулук районунда жарандык жолдошу тарабынан сабалган 24 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда аял ар кандай жаракаттары менен Сокулук аймактык ооруканасына түшкөн. Бирок көрсөтүлгөн жардамга карабастан ал каза болгон.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун 30 жаштагы жарандык жолдошу шектүү катары кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө амалдары уланууда.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Кыргызстанда жыл башынан бери он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапкан.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүйдө аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген киши Орусиядан кармалды

ИИМ: Кыргызстанда он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапты

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү