Ошто студент кызды сабоого шектелип пенсиядагы чек ара кызматкери кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Ош ШИИБи

14-декабрда Ош шаарында студент кызга кол көтөрүүгө шектелип эки киши кармалды, алардын бири пенсиядагы чек ара кызматкери. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 9-декабрдан 10-декабрга караган түнү саат 02:30дар чамасында 22 жаштагы студент кыз милицияга арыз менен кайрылган. Ал кошунасы батирине келип, аны сабаганын айткан.

Кылмышка шектүү катары милиция кызматкерлери тарабынан Алай районунун 30 жаштагы тургуну жана Өзгөн районунун 37 жаштагы тургуну кармалган. Маалыматка ылайык, жабырлануучуга кол көтөргөн жаран мурдагы чек ара кызматкери, ал 6 ай мурда пенсияга чыккан.

Милициядан кылмышка шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө «студент кыз жашаган батирде ызы-чуу болгондуктан кошуналарына тынчтык бербей койгонун, мындан улам ачуусу менен чаап жибергенин» айткан.

Аталган факт боюнча «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.