Парламент спикери министрге орус тилинде сүйлөөгө уруксат бербей, баяндамасын мамтилде жасатты

Парламенттин 15-декабрдагы жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага өлкөдө расмий тил макамы бар орус тилинде сүйлөөгө уруксат берилген жок.

Сөз алардын алдында Кутманова жыйындын катышуучуларынан расмий тилде сүйлөөнү суранып кайрылды: «Урматтуу депутаттар, коллегалар, саламатсыздарбы. Орусча сүйлөй берсем болобу? Бул жерде эмнелер аткарылгандыгы тууралуу кыска эле презентация».

Бирок, министр сүйлөп баштаганда спикер Нурланбек Шакиев дароо министрдин сөзүн бөлүп, аткаминерден расмий тилде сүйлөш үчүн уруксат алганбы деп сурады.

«Депутаттардан уруксат сурагам», — деп жооп берди жаратылыш ресурстары министри.

Анткен менен Шакиев так кимден сураганын, ага ким уруксат бергенин тактап сурады.

Кутманова спикерден сураганын айтты.

Бирок төрага ага расмий тилде сүйлөөгө уруксат бербегенин билдирди.

«Бизде тартип ушундай: [баяндамаңарды] мамлекеттик тилде жасашыңар керек. Уруксат сурабай эле окуп кете бересиңерби? Ким уруксат берби? [баяндамаңызды] кыргызча жасаңыз», — деп билдирди Шакиев.

Кутманова мамлекеттик, кыргыз тилинде сүйлөөгө макул болду.

Аткаминер баяндамасын жасап бүткөндөн кийин депутат Эрулан Көкүлов сөз алып, парламент спикерине жеке өзүм чечим чыгарганы үчүн эскертүү жасады.

«Бизде Конституцияда расмий тил катары орус тили жазылган. Эгер жалаң кыргыз тилинде отчёт уккуңар келсе, анда Конституцияны өзгөрткүлө. Азыр [Кутманованын баяндамасынан] эмнени түшүндүк? Мен деле каршы эмесмин. Мен деле келгенде [докладды] кыргызча берсе деп ойлойм. Бирок азыр эмнени түшүндүк? Азыр уктуңарбы ушул айымдын доклад берип жатканын? 30%ын кыргызча, 70%ын орусча сүйлөдү. Ошол себептен, урматтуу төрага, жеке өзүңүз чечим чыгарбай, мындан аркы ушундай учурларда добушка коюңуз. Анткени мен эмне жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнгүм келет», — деп кайрылды депутат.