«Иш сапар жана эмирдин чакыруусу». Жапаров Дүйнө чемпионатына конок катары барганбы?

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп жаткан Катар мамлекетине кетти. Өлкө башчысынын басма сөз кызматы Жапаров ал жакка иш сапары менен кеткенин билдирген. Ал арада Катар ЖМКсы Жапаров Катарга футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине конок катары чакырылганын жазды.

Буга Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Катардын эмири президент Жапаровду өлкөгө, анын ичинде Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык матчына жеке өзү чакырганын айтты. Султанбаев Жапаров Катарга иш сапары менен барды деп ишендирүүдө.

«Президент Жапаров Катар Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен Катарга иш сапары менен келди. [...] Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Катардын Эмири президент Жапаровду жеке өзү Катарга, анын ичинде 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине чакырган», — деп жазды ал Фейсбук барагына.

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина менен Франция курамалары ойноп, Аргентина 4:2 эсебинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болду.

Президент Садыр Жапаров футболго кызыгары коомчулукка белгилүү. Ал президенттин администрациясынын өкүлдөрү, аткаминерлер, депутаттар жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышып жүргөн «Мурас» турнирин өткөрүп жүрөт.

«Мурас» турнири буга чейин үч жолу өткөн. Эки турнирде Жапаров мыкты чабуулчу болуп, командасы биринчи орунду ээлеген. Акыркы жолу өткөн турнирде президенттин командасы экинчи орунду ээлеп, 300 миң сом сыйлык алган. Турнирдин байге фонду республикалык бюджеттен түзүлгөн президенттин фондунан бөлүнгөн.