Садыр Жапаров Катарга жеке бизнес-джет менен акысыз учту. Аны президент аппараты сатып алышы мүмкүн

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Катар өлкөсүнө жеке бизнес-джет менен акысыз учту. Бул тууралуу 19-декабрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка караганда, учуу акысыз болуп, кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майдын гана чыгымын көтөргөн. Бирок, күйүүчү майга кеткен чыгымдын өлчөмү айтылган эмес.

Ошондой эле билдирүүдө, бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жаткандыгы, Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагы алынары айтылган.

«Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды.

Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон», – деп кошумчалады Султанбаев.

Ага чейин, Economist басылмасы Жапаровдун бул жолку сапарындагы чыгашаны эсептеп, жарыялаган.

Анда Жапаров учкан жеке бизнес учак менен Бишкектен Дохага учуу 25-30 миң долларды түзөрү айтылган. Кайра кайтып келүүсү да эске алынып, жалпы чыгым орточо 50-60 миң долларга бааланган.

Жапаровдун Катарга болгон сапары

Садыр Жапаров Катарга 18-декабрда барган. Президенттин басма сөз кызматы Жапаров ал жакка «иш сапары менен кеткенин» билдирген.

Ал арада Катар ЖМКсы Жапаров өлкөгө футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине конок катары чакырылганын жазып чыккан.

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Катардын эмири Жапаровду өлкөгө, анын ичинде Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык матчына жеке өзү чакырганын айтты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Садыр Жапаров Катардагы Дүйнө чемпионатынын финалдык матчына барды

«Иш сапар жана эмирдин чакыруусу». Жапаров Дүйнө чемпионатына конок катары барганбы?