Бажы кызматынын 2023-жылга карата бажы төлөмдөрүн жыйноо планы 24,5 млрд сомго кыскартылды

Бажы кызматынын 2023-жылга карата бажы төлөмдөрүн жыйноо планы 24,5 млрд сомго кыскартылды. Бул тууралуу 19-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Талкуу учурунда депутат Айбек Алтынбеков Бажы кызматынын башчысы Самат Исабековго кайрылып, 2023-жылга карата бажы төлөмдөр боюнча пландын аткарылышы тууралуу сурады.

«Силерге планды 98 млрд сомдон 73,5 млрд сомго чейин кыскартып беришкен. Силер бул сумманы чогулта аласыңарбы?» — деп тактап сурады депутат.

Исабеков ал Кыргызстанга ташылып жаткан жүктөрдүн көлөмүнөн көз каранды экенин айтты. Ал эми финансы министри Алмаз Бакетаев бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча план сөзсүз аткарыларын кошумчалады.

Бюджет таңкыстыгы

Буга чейин республикалык бюджеттин таңкыстыгы 2022-жылдын жыйынтыгы менен 30 млрд сомдон ашык сумманы түзөрү белгилүү болгон. Бийлик аны быйыл бажы төлөмдөрү аз жыйналганы менен түшүндүрүүдө. Ошондой эле Баткен облусун калыбына келтирүүгө кошумча чыгымдар пайда болгон, ал жакта Тажикстан менен масштабдуу куралдуу кагылыш болгон.

Жалпысынан бийлик 2022-жылдын жыйынтыгы менен 98 млрд сом бажы төлөмдөрүн жыйноону пландаган, бирок ноябрда Исабеков планды аткаруу мүмкүн болбой жатканын жана бажы төлөмдөрүн чогултуу 75 млрд сомго чукул болорун билдирген. Өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, 23 млрд сомдон ашык каражат Орусиянын Украинага кол салуусунан, ошондой эле административдик кемчиликтерден улам чогулта албай калышкан.

Парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында эл өкүлү Айбек Алтынбеков бажы алымдары түрдүү себептерден улам чогулбай калган болушу мүмкүндүгүн, бажы башчысы Самат Исабеков коюлган тапшырманы аткара албаганы буга бирден бир себеп деген.

Ошол эле жыйында минкабдын төрагасы декабрь айында 2022-жылдын жыйынтыгы чыгарыларын, анын натыйжасында президенттин, парламенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткара албаган жетекчилер менен «коштошушарын» айтып жооп берген.