Ысык-Көлдү биринчи болуп сүзүп өткөн легендарлуу суучул Ахмед Анарбаев жардамга муктаж болууда

Ахмед Анарбаев

Ысык-Көлдү алгачкы жолу сүзүп өткөн биринчи советтик белгилүү сүзүүчү, 74 жаштагы Ахмед Анарбаев кымбат баалуу операцияга муктаж болууда. Бул тууралуу анын жакындары 24.kg басылмасына билдирди.

Анарбаев сүзүү боюнча СССРдин курама командасынын курамында Мехикодогу Олимпиадага катышкан жалгыз кыргызстандык спортчу — ал Ысык-Көлдү биринчилерден болуп сүзүп өткөн.

Суучулга дисталдык метаэпифиздин остеосаркомасы деген диагноз коюлуп, учурда анын Новосибирскте өтө турган операциясына 15 миң доллар керек болуп жатат. Мындай каражатты табууга анын үй-бүлөсүнүн мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан коомчулуктан жардам сурашууда.

Ахмед Анарбаевге жардам көрсөтүү үчүн реквизиттер:

  • OPTIMA 4169585342967253 Akhmed Anarbaev
  • MBANK 4177490142675653 (же болбосо 0776 50 57 63) Natalia Anarbaeva
  • СБЕРБАНК (МИР) 2202203207072598 Kamilla Anarbaeva