Маданият министрлиги «ПолитКлиниканын» үстүнөн түшкөн арызды артка кайтарды

Маданият министрлиги Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясы Индира Асилованын «ПолитКлиника» басылмасынын үстүнөн жазган арызын четке какты.

Басылма өзү арыз берүүгө «Чолпон-Атанын борборундагы муниципалдык жер кантип мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин апасынын атына өтүп кеткени тууралуу» материал себеп болгонун жазды. Аталган макалада «ПолитКлиника» Кадастр кызматына таянып, Көлбаевдин апасына өтүп кеткен жерге 2015-2016-жылдары Асилова ээлик кылганын жазган.

«ПолитКлиникадан» билдиришкендей, материал чыккандан кийин аларга Асилова байланышка чыгып, материалдан анын атын жана сүрөтүн алып салууну талап кылган. Судья «макала анын аброюна жана кадыр-баркына доо кетирди» деп эсептеген.

«ПолитКлиника» сайтынан скриншот

Бирок басылма Асилованын талабын аткаруудан баш тарткан. Мындан улам ал арыз менен Маданият министрлигине кайрылган.

Ал эми министрликтин басма сөз катчысы Салкын Сарногоева Асилованын арызы макалада колдонулган маалыматтар мамлекеттик органдардан алынгандыктан четке кагылганын билдирди.

Учурда өлкөдө фейктер жөнүндөгү («Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү») мыйзам иштейт. Бул мыйзам боюнча Маданият министрлиги арыздын негизинде «туура эмес» деп эсептеген маалыматтар үчүн басылмалардын сайттарын убактылуу бөгөттөй алат.

Басылмалардын бөгөттөлүшү

Кыргыз бийлиги фейктер жөнүндөгү мыйзамды колдоно баштады. Август айында өлкөдө Res Publica сайты бөгөттөлгөн. Сайттын башкы редактору Замира Сыдыкованын айтымында, сайт «Манас Менеджмент» ишканасынын экс-президенти Асан Токтосуновдун арызынын негизинде бөгөттөлгөн. Токтосунов сайттын «Манас» аэропорту тууралуу эки иликтөөсүндө өзү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар жазылганын айтып арызданган.

Август айынын аягында убактылуу жабууга 24.kg маалымат агенттиги да туш болгон. Анда «Амбассадор» мейманканасы Маданият министрлигине 24.kg басылмасына арызданып кайрылган, алар сайтта чыккан маалыматты чындыкка коошпойт деп эсептешкен. Маалымат агенттигинен эч ким алар менен байланышып, алардын версиясын укпаганын билдиришкен. Териштирүүлөрдөн кийин Маданият министрлиги сайтты жабуу боюнча чечимди артка чакыртып алууну чечкен.

Ал эми 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн. Буга аталган медиа 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыялаганы» себеп болду дешкен. Басылма өзү министрликтин айыптоосун четке каккан.

Бул окуялардан кийин «Медиа Полиси Институтунун» юристтери фейктер жөнүндөгү мыйзам «бийликтин аракеттерине мониторинг жасап, карапайым калкка өкмөт кантип иштеп жатканын түшүнүүгө жардам бере турган маалыматтарды ачыктап жаткан ЖМКга каршы административдик ресурс» деген билдирүү жасашкан.