Депутат Темирбаева мектептерде үч тилдүү билим берүүнү сунуштады

Депутат Миргүл Темирбаева мектептерде окутууну үч тилде — кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында айтып чыкты.

Темирбаева Билим берүү министрлигин 2023-2030-жылдарга үч тилдүү сабак өтүүнүн картасын түзүп жана атайын улуттук программа иштеп чыгууга чакырды.

«Бүгүнкү кайрылуум коомчулукта резонанстуу ой-пикирлерди жаратышы мүмкүн. Бирок Кыргызстандын өнүгүшү үчүн маанилүү сунуш деп эсептейм. Англис тили — келечектин, илим-билим жана технологиянын тили. Реформа үчүн каражат талап кылынаарын түшүнүп турам, бирок биз бүгүн баштай берсек, эл аралык уюмдар кол кабыш кылышат деген ойдомун. Анткени үч тилдүү билим берүү системасына өтүү узак убакытты талап кылат. Эл аралык уюмдардан келген каражатты натыйжалуу иштетип, билим берүү тармагында олутту реформаларды жасоонун убагы келди», — деди депутат.

Депутат англис тилин чет тили эмес, үчүнчү тил катары окутууну сунуштады.

«Биринчи класстын окуучулары англис тилин абдан жеткиликтүү жана кызыктуу окутуунун интерактивдүү ыкмалары менен үйрөнүшөт. Бул ыкмалар балдарга пассивдүү болбой, сабакты кунт коюп өткөрүүгө шарт түзөт. Ал эми Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили жана абадияты кыргыз тилинде. Дүйнөлүк тарых, орус тили жана адабияты орус тилинде, химия, физика, биология, информатика жана башка сабактар — англис тилинде окутулса келечек муун үчүн өтө маанилүү болот деп ойлойм. Мындан тышкары, алдыңкы жогорку окуу жайларга да пилоттук негизде киргизсек», — деди эл өкүлү.

Темирбаева кыргыз тили өтө маанилүү экенин айтып, бирок «өнүгүү үчүн башка тилдерди да билүү керек» деп белгиледи.