Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү чет элдик жарандан акча опузалоого шектелип кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү чет элдик жарандан акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 23-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүнү кармоо учурунда жанынан 60 грамм гашиш табылды.

«Ал ЖАКтын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткан мезгилинде “положенец” деп эсептелген. Ал кылмыш жазасын өтөп жаткан чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган. Учурда шектүү №1 тергөө абагына киргизилди», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Бул ишке тиешелүү материалдар ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Азыркы тапта шектүүнүн башка мыйзамсыз иштерге тиешеси бар-жогу аныкталып жатат.

Буга чейин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун алты мүчөсү кармалган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алтоо тең көптөн бери ишкерлерден ири суммадагы акча опузалап турган.

Көлбаев деген ким?

Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Автору: Каным Кыдырова