УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун алты мүчөсүн кармады

УКМКнын басма сөз кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун алты мүчөсү кармалгандыгын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алтоо тең ишкерлерден ири суммадагы акча каражатын системалуу түрдө опузалап турган деп шектелүүдө.

Комитеттен аталган факты «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси менен катталганын белгилешти. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү УКМКнын ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

УКМК кармалган шектүүлөрдөн жапа чеккендерди атайын кызматтын төмөнкү ишеним номерлерине кайрылууга чакырат: 0312640475.

Көлбаев деген ким?

Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Камчы Көлбаев 2020-жылдын октябрында кармалган. УКМКдан Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген. Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталган. Ноябрда ал №47 түзөтүү абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Бирок, 2021-жылдын 2-мартында Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө жөнүндө кол катына өзгөрткөн. Ошондон бери Көлбаев кайда экени белгисиз.