Ташиев: Көлбаевди биринчи кармадык, анткени ал криминалдын ана башчысы

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргызстандыктардын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жана бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышын «театралдаштырылган» деген сөзүнө жооп айтты. Ташиев бардыгы «дал ушундай» болушу керек болчу, «жаман эч нерсе» көргөн жокмун деди.

УКМКнын төрагасынын айтымында, күч түзүмдөрү «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев эркиндикте жүргөндө башка УКТ мүчөлөрүн кармоого дааган эмес. Анткени ал «өлкөдөгү кылмыш дүйнөсүнүн башында турат».

«Кантип кармадык? Эми биз келип, ага айта албайбыз да: “Келип берсеңиз, сизди кармайт элек” деп. Эреже боюнча кармадык — ыкчам топ аркылуу, “Альфанын”[спецназ тобу] жоокерлеринин күчү менен, атайын операциянын негизинде колго түштү», — деди ал.

Ташиев ошондой эле Райымбек Матраимов кантип кармалганы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Матраимов бир нече жолу УКМКга чакырылган, бирок ал келбей жүргөн.

«Анан биз жабык каналдар аркылуу ага же аны катуу кармайбыз же ал өзү келет деп билдирүү бердик. Биз бардык чек араны жаап коюп, ага байкоо жүргүзүп жаттык — ал кайда жүрөт, кайсы унаадан чыкты, кайда баратат, кайда тамактанды. Анан кармадык», — деди ал.

Анын маалыматына караганда, азыр күч түзүмдөрү Көлбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн башка кылмыштуу топтору менен бирге бир катар улуттар аралык кылмыштуу операцияларга катыштыгы бардыгын иликтеп жатат.


«Биздин Көлбаевди колго түшүргөнүбүздө, анын үч айдан бери камакта жатканынын эмнеси жаман? Биз Матраимовду кармап, ал өлкө казынасына 2 млрд сом төлөгөнүнүн эмнеси жаман? Буга чейин бир тыйын дагы төлөгөн эмес», — деп нааразы болду Ташиев.


Көлбаев менен Матраимовдун «театралдаштарылган» кармалышы

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын кызматкерлери тарабынан 20-октябрда кармалган. Ал убакта соцтармактардын колдонуучулары кармоонун сүрөттөрүнөн кармоо иш-чарасы УКМКнын имаратынын бет маңдайындагы май куюуучу бекетинде жүргүзүлгөнүн байкашкан.

Ошол эле учурда журналисттер Матраимовду ведомствого парламенттин экс-спикери Дастан Жумабековдун жээни же иниси Салмоорбек «сый менен» коштоп барганын аныкташкан. Ал Матраимовдун адамдарынын чөйрөсүндө байкалган.

Бул коомчулуктун Матраимовдун «катаал» кармалышынын чындыгына күмөнүн жараткан.

Эки күндөн кийин эле эле УКМКнын кызматкерли кримтөбөл Камчы Көлбаевди Бишкектеги спорт комплексинен чыгып бараткан жеринен кармашкан. Ал «Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышууга» айыпталууда.

Бирок, өлкөдөгү «эң таасирлүү криминалдык топтун лидеринин» кармалышынан тышкары бардык кыргызстандыктардын көңүлү бул операциянын видеосуна бурулган.

Ошондо Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча УКМКнын чараларын «театрлашкан шоу» деп атап, алардын иштери аягына чейин тергелерине күмөн санаган.

Көлбаев менен Матраимовдун кармалышына АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу дагы көңүл бурган. Ал Көлбаев менен Матраимовдун кармалышы «Голивуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетет» деп билдирген.

«Кинонун кандайча бүтөөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартат. Бул аларды жазалайт. Бул алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргойт. Бул кылмышкерлердин сиздин балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул нерселер кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат», — деп эсептейт элчи.

Көлбаевдин Матраимов менен байланышы

«Азаттык» радиосу, OCCRP, «Kloop» жана «Bellingcat» уюмдарынын журналисттери таасирдүү кримтөбөл бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин аныктаган.

Матраимовдун иштерин эки жылга чукул иликтөөдө бири-бири менен байланышы жок үч булак Матраимов менен Көлбаевдин мамилеси тууралуу айтып беришкен.

Алардын бири - акча адалдоочу, кийинчерээк Стамбулда киши колдуу болгон күбө Көлбаевди Матраимовдун «өнөктөшү жана коргоочусу» деп сыпаттаган.

Матраимов менен Көлбаевдин бери эле дегенде тааныш экендигине Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каганат» жеке эс алуу жайы далил боло алат. Бир нече булактар аталган жайдын ээси Камчы Көлбаев дешсе,

Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын социалдык тармактагы сүрөттөрүнөн ал үй-бүлөсү менен 2020-жылдын жай айларын «Каганат» курортунда өткөргөнүн билүүгө болот.

Тема боюнча: Көлбаев менен байланыш