Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча «Азиянын 2022-жылдагы эң мыкты балбаны» деп табылды

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов «Азиянын 2022-жылдагы эң мыкты балбаны» деп табылды. Бул тууралуу Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) 24-декбарда билдирди.

Бириккен күрөш дүйнөсү грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 2022-жылдагы мыкты балбандарды аныктады.

Ага ылайык, Махмудов грек-рим күрөшү боюнча мыкты балбан наамына ээ болду. Ал эми эркин күрөш боюнча жапониялык спортчу Таиси Нарикуни, кыз-келиндер күрөшү боюнча казакстандык Жамиля Бакбергенова мыкты деп табылды.

Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) балбан Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдын «Тарых жаратуучулары» деп тапкан.

Бул наамга кыргызстандык эки спортчудан тышкары эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта дүйнө чемпиону болгон албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 килограмм салмакта дүйнөнүн үч жолку чемпиону жапониялык Юи Сусаки татыган.

Махмудов

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинигинин сап башына чыкса, Акжол Махмудов экинчи орунга татыган.

Махмудов — чоңдор арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында бир жолку чемпиону. Ал эми кадеттер арасында Азиянын эки жолку чемпиону болгон. Ошондой эле ал, кадеттер арасындагы дүйнөлүк мелдеште чемпион титулун алган.

Балбан 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган. 2022-жылдын 12-сентябрында Махмудов грек рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону деген наамга татыган. Ал эми апрелде Монголияда өткөн Азия чемпионатында алтын байгени багындырган.