Балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк UWW рейтингинде экинчи орунду ээледи

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Махмудов экинчи орунду 77 кг салмакка чейинки категорияда ээледи. Биринчи орунду түркиялык спортчу Юнус Эмре Басар, ал эми үчүнчүнү — венгриялык Золтан Леваи камсыздады.

Махмудов — чоңдор арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында бир жолку чемпиону. Ал эми кадеттер арасында Азиянын эки жолку чемпиону болгон. Ошондой эле ал, кадеттер арасындагы дүйнөлүк мелдеште чемпион титулун алган.

Балбан 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган.

2022-жылдын 12-сентябрында Махмудов грек рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону деген наамга татыган. Ага чейин Болгарияда өткөн Dan Kolov – Nikola Petrov мелдешинде үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми апрелде Монголияда өткөн Азия чемпионатында алтын байгени багындырган.

Буга чейин кыргызстандык дагы бир балбан, Жоламан Шаршенбеков да UWW’нин 60 кг чейинки салмак категориясында рейтингдин сап башына чыккан. Ал Азия чемпиону, Дүйнөлүк чемпионаттын эки жолку күмүш байгесинин жана Дүйнөлүк кубоктун ээси.