Финансы министринин орун басары Татиковго унааны мас абалда айдаганы үчүн айып салынды

Финансы министринин орус басары Руслан Татиковго унааны мас абалда айдаганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкектин патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, Татиковго 17,5 миң сом айып салынып, унаасы айып короого токтотулган.

Буга чейин NewTV телеканалынын журналисттери таңкы саат 04:00дө мас абалында унаа айдап бараткан аткаминердин унаасын токтотулганы жөнүндө видео жарыялашкан. Башында Татиков алкоголдук ичимдик ичкенин танып, бирок наркологиялык борбордон пиво ичкенин моюнга алган.

Журналисттер аткаминер кармалгандан тартып эле дароо «тааныштарына» чалып, инспекторлордон «өз жетекчилиги менен» сүйлөшүүнү талап кыла баштаганын билдиришкен.