Өлкөдө 1-январдан тартып ун жана нан 15%га кымбатташы мүмкүн

2023-жылдын 1-январынан тартып ун, нан жана дан эгини 15%га кымбатташы мүмкүн экенин билдирди Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы. Бул 31-декабрда дан эгинин импортоо жана кайра иштетүүдө жеңилдетилген нөлдүк кошумча нарк салыгынын (КНС) мөөнөтү аяктап жатканы менен байланыштуу.

Ассоциациянын президенти Рустам Жунушовдун айтымында, бүгүнкү күндө дандын жана ундун кору коркунучтуу чекке жетти. Жунушов бул Орусиядан дан эгинин ташып келүүдөгү жана казак темир жол тилкелериндеги тыгындар көйгөйүнөн улам болгонун айтат.

Жунушев кыргыз ишканалары октябрь айында эле тапшырык кылган көлөмдөрдү ала электигин да кошумчалады. Анын айтымында, жеткирүүлөр 30-40 күнгө чейин созулуп кетүүдө.

«Мына ушул себептер ун жана дан эгини унчулардын кампаларында кыйла азайып кетишине таасир этти. Эгер коңшу мамлекеттер чек арасын жаап салган окуялар же буудай жана ундун чыгарылышына чектөө киргизсе, калкты ун менен болгону 25-30 күнгө кана камсыздай алабыз», — деп белгиледи Жунушов.

Ассоциациянын президенти 2023-жылдын 1-январынан тартып КНСтин ставкалары кайра иштеп баштарына байланыштуу дан эгини 12%га, ун — 15%га, ал эми нан — 18-20%га кымбаттайт деп жыйынтыктады сөзүн.

2021-жылдын 31-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин өлкөдө дан эгинин импорттоого жана кайра иштетүүгө нөлдүк КНС киргизилген. Мындай чечимди бийлик азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, базар баасын турукташтыруу үчүн кабыл алган.

2022-жылдын май айыныны башында «Клооптун» журналисттери биринчи керектөөдөгү азык-түлүктүн баалары тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарын талдап чыгып, азык-түлүктүн баасы 2019-жылдын апрель айынан тарта орточо бир жарым эсе өскөнүн аныкташкан.

Мисалга, ундун баасы бир жарым эседен ашык өскөн. 2019-жылдын апрелинде бир килограмм ун сортуна жараша 30 сомдон 37 сомго чейин турса, быйыл 50 сомдон өйдө турат. Баалардын күнүмдүк талдоосу көрсөткөндөй, алардын дагы баасы 2022-жылдын март айынын ортосунда кескин өскөн, бул Орусия Кыргызстанга буудайды экспорттоого чектөө киргизген мезгилге туш келет.