Юстиция министрлиги абактагыларга ишкердик кылууга уруксат берүүнү сунуштады

Юстиция министрлиги соттолгондорго абакта жеке ишкердик кылууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул боюнча токтом коомдук талкууга коюлду.

Документте ал үчүн соттолгондор түзөтүү мекемесинин администрациясына бизнес-планды, кызмат көрсөтүүнүн же өндүрүүгө пландаштырылган продукциянын түрүн, өндүрүштүк жайга, жабдууларга жана аспаптарга болгон муктаждыкты, анын ичинде даяр продукцияны чыгымдарын эске алуу менен сатуу жолдорун жана продукция өзүн канча убакта актай баштарынын мөөнөттөрүн көрсөтүшү керек.

Ошондой эле соттолгондор бизнес ачууга кеткен чыгымдарын өздөрү көтөрүп, колониянын администрациясына каржы булактарын ачыктап, иштеп тапкан акчалары кайда же эмнеге жумшаларын түшүндүрүп бериши керек болот. Иштеринде жалданма жумуш күчүн тартууга тыюу салынат.

Ишкердик кылууга уруксат алгандан кийин соттолгондор салык кызматынын өкүлү аркылуу патент алууга, ошондой эле ай сайын Соцфондго камсыздандыруу төлөмдорүн төгүп турууга милдеттүү болушат. Ал эми түзөтүү мекемесинин администрациясына аларга патент алууда көмөк көрсөтүү милдети жүктөлөт.

Жеке ишкерлердин иштөө убактысын колониянын администрациясы ички тартиптин эрежелерине жараша аныктап берип турат.

Мындан тышкары, камактагылар бардык санитардык, өрт коопсузугу эрежелерин сактоого милдеттүү болот, ижарага алынган мүлктүн бүтүндүгү үчүн үчүн жоопкерчилик алат жана өндүрүп жаткан товарынын сапаты жооптуу болот.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде жеке ишкердик кылуу соттолгондор үчүн эмгекке кошумча стимулдарды жана мотивацияларды берери, алардын «кайра социалдашуусуна жана эркин жашоого даярдыгына оң таасирин тийгизет» деп айтылат.

Башкы беттеги сүрөт: Akipress.