Сузакта аялды муунтуп өлтүрүүгө шектелип 23 жаштагы тургун кармалды

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

25-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 30 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү катары 23 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-декабрда Сузак РИИБге 32 жаштагы тургун кайрылып, ошол эле күнү болжолдуу саат 09:00 чамасында 30 жаштагы аялы төркүнүнө барып келүү үчүн үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факты милициянын электрондук журналына катталып, атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан издөө иштери башталган.

25-декабрда Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суудан дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылган. Милиция кызматкерлеринин билдиришинче, аялдын моюнуна жоолук оролуп, чачтары жайылган абалда болгон.

Соттук-медициналык экспертиза аялдын моюнунда муунтуудан кийинки из бар экенин, ал абанын жетишсиздигинен улам көз жумганын аныктаган.

Аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын 23 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү берген көрсөтмөсүндө кылмышты кандай жолдор менен жасаганын айтып берген. Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө — аларды сабашат, мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдашат жана өлтүрүшөт. Жыл башынан бери эле үй-бүлөлүк зомбулуктан 20га жакын аял каза тапкан.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Мурдагы аялын «эс-учун жоготкончо» сабаган киши 3 жылга кесилди

Сокулук: Аялын өлтүрүүгө айыпталган киши 15 жылга кесилди