Сокулук: Аялын өлтүрүүгө айыпталган киши 15 жылга кесилди

Абайлаңыз, материалда киши колдуу болгон аялга кандай залалдар тийгизилгени сүрөттөлөт. Эгер мындай маалыматты окууганга даяр эмес болсоңуз, текстти андан ары окубай койгонуңуз дурус.

Жогорку сот аялын өлтүрүүгө шектелген Сокулук районунун 40 жаштагы жашоочусун 15 жылга кести.

Иштин материалында 2021-жылдын 16-майында мас киши аялын үч саат бою жыгач союл менен сабаганы айтылат.

Соттук-медициналык экспертиза аял колу-буту катуу жаракат алгандыктан улам козголгон курч өпкө-жүрөк дартынан көз жумганын аныктаган.

2021-жылдын октябрында Сокулук райондук соту айыпталуучуну өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси менен 15 жылга кескен. Кийин Чүй облустук соту жазаны жеңилдетип, айыптан өзгөчө мыкаачылык тууралуу пунктту алып, 12 жылдык жаза дайындаган.

Анткен менен Жогорку соттун коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн, тагыраагы 15 жылдык өкүмдү күчүндө калтырган.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, бирок аялын болгону «беш -алты жолу чаап, үч саат бою сабаган эместигин» айтты.

Кыргызстандагы фемицида

2022-жылдын тогуз айында үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапкан. ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

«Клооптун» анализи Кыргызстанда аялдар — орточо он учурдун сегизинде — эркектердин колунан ажал табарын көрсөткөн. Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.