Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен Баткенден куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Баткенден Жаңы жылы менен куттуктады. Анда ал Кыргызстан эли бул жылы биримдигин көрсөткөнүн баса белгиледи.

«2022-жылы Сиздер менен чогуу кыйла ийгиликтерге күбө болуп, маңдайыбыз жарыла кубанган, жаркын келечекке улуу үмүт менен караган учурларыбыз арбын болду. Тилекке каршы, ошону менен бирге мекен чеги башталган Баткен жергебизде кейиштүү окуялар кайталанып, кабыргабыз кайышты. Үч миң жыл ичинде өз башынан нечен-нечен тарыхый сыноолорду кечирген түптүү кыргыз элинин урпактары катары биз, кыргызстандыктар, бул жолу да биримдик менен сабырдуулукту көрсөтүп, жазмыштын жакшысын да, жаманын да көтөрдүк!» — деди ал.

Ошону менен катар Жапаров чек арада курман болгон жоокерлердин ата-энелерине ыраазычылык билдирип, алардын элеси түбөлүкө сакталарын айтты.

Жапаров жаңы жылда чек ара маселесин толугу менен чечүүнү убадалады.

«Учурда Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоо –улуттук эң башкы маселелердин бири. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз! Ар түрдүү себептерден улам учурунда чечилбей, акыры түбү кейиштүү кесепеттерге алып келген чек ара маселесин биротоло чечүү үчүн бардык жоопкерчиликти мойнубузга алып, чечкиндүү турабыз. Бизден кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз!» — деп жыйынтыктады президент.