Чиновниктердин 2021-жылга карата декларациясы: Өкмөт мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешеси

Мамлекеттик салык кызматы чиновниктердин 2021-жылга карата декларацияларын жарыялады. «Клооп» Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн декларацияларын карап чыгып, алар канча акча киреше тапканын жана эмнелерге ээлик кыларын айтып берет.

Жарык көргөн документтерге ылайык, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылы 1 млн 471 миң сом тапкан, ал эми анын жакындары эч бир киреше тапкан эмес. Жапаровдун декларациясында анын аянты 77,5 мт² батири бар экени айтылат — Жапаровдордун андан башка мүлкү жок.

Адылбек Касымалиев, Акылбек Жапаров жана Эдил Байсалов. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы.

Минкабдын төрагасынын учурдагы биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, 2021-жылы Президенттин администрациясынын башчысынын орун басары болуп турганда 896 миң сомдон ашык киреше тапкан. Чиновниктин туугандары жыл ичинде 3,8 млн сомдон ашык акча табышкан. Ошондой эле Касымалиев жалпы суммасы 215 миң сомду түзгөн түрдүү техника жана эмеректерге, жарым миллион сомдук кыймылдуу мүлккө ээлик кылат. Туугандарынын аянты 216,7 м² үйү, жалпы аянты 704 м² бир нече жер тилкеси жана аянты 1529,2 м² түрдүү имараттары бар. Ошондой эле алар 120 миң сомдук тиричилик техникасына жана 1,9 млн сомдук кыймылдуу мүлкко ээли кылышат.

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2021-жылы 4 млн 172 миң киреше тапкан, ал эми анын жакындары эч кандай киреше тапкан эмес. 2021-жылдын октябрына чейин Байсалов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болгон. Декларацияга ылайык, анын аянты 125,89 м² түзгөн үйү да бар.

Өкмөт башчынын дагы бир орун басары Бакыт Төрөбаев 2021-жылы депутат кезинде 773 миң сомдон ашык акча тапкан. Туугандары жыл ичинде 180 миң киреше көргөн. Төрөбаевдин аянттары 180 жана 179 м² эки үйү бар. Жакындарынын айыл чарба багытындагы аянты 3500 м² жери жана аянты 385 м² үйү бар.

Бакыт Төрөбаев. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

ИИМдин башчысы Жээнбек Кулубаев 2021-жылы, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп турган кезинде, 4,4 млн сом киреше тапкан. Чиновниктин жакындары бир жылда 1,4 млн сом тапкан. Кулубаевдин 70 м² батири бар. Министрдин туугандарынын да батирлери бар, бирок, алардын үйлөрү Кулубаевдикине караганда эки эсе чоң.

Юстиция министри Аяз Баетов 2021-жылы 5 млн сомдон ашык киреше тапкан. Баетовдун аянты 60 м² батири жана Toyota Camry унаасы бар. Ал юстиция министри болуп 2021-жылдын октябрында дайындалган, ага чейин Соттук өкүлчүлүк борборунун директору болуп иштеген.

Экономика министри Данияр Амангелдиев 2021-жылы 2,5 млн сомдон ашык киреше көргөн. Анын 570 миң сомдук ири мүйүздүү малы бар.

Эмгек министри Кудайберген Базарбаев 2021-жылы, Президенттик аппараттын бөлүм башчы болуп турганда 911 миң сом тапкан. Жакындары бир жылда 613 миң сом иштеп табышкан. Базарбаевдин аянты 78 м² батири, Mercedes үлгүсүндөгү унаасы жана жалпы баасы 1 млн 50 миң сомдук мал-жандыгы бар.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 2021-жылы 758 миң сомдон ашык киреше тапкан. Декларацияга ылайык, аянты 144 м² батирге, жалпы аянты 247,3 м² өндүрүштүк курулма/имаратка жана бир нече жер тилкесине ээлик кылат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2021-жылга карата декларациясында дээрлик 3 млн сомдук кирешесин, аянты 68,6 м² батирин жана төрт жеңил унаасын көрсөткөн.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылы 405 миң сом тапкан. Декларацияга ылайык, Бейшеналиевдин аянттары 34 м², 67,5 м² жана 81 м² үч батири, янты 3475 м² жана 600 м² эки жер тилкеси жана Toyota Land Cruiser унаасы бар.

Азиз Аалиев жана Арзыбек Кожошев. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы.

Кыргызстандын ЕЭКтеги (Евразия экономикалык кеңеши) энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 2021-жылы Минкабдын башчысынын биринчи орун басарлык кызматында 735 миң сомдон ашык киреше тапкан. Аянты 70,1 м² батири, 1 млн сомдук ача туяктуу малы, 500 миң сомдук жылкылары жана Lexus автоунаасы бар.

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун учурдагы төрагасы Азиз Аалиев, 2021-жылы минкабдын төрагасынын орун басары болуп турган кезинде болгону 355 миң сом киреше тапкан. Туугандары бул убакыт аралыгында 242,9 млн сомдон ашык киреше тапкан.

Декларацияга ылайык, Аалиевдин мүлкү жок, бирок жакын туугандарынын аянты 5,27 гектар жери, ошондой эле 2543 м² өндүрүштүк курулма/имараттары бар. Аалиевдин туугандары «Бурана Текстиль» компаниясынын 33% үлүшүнө да ээлик кылышат, компания трикотаж буюмдарын чыгарат.

Ал эми минкабдын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев 2021-жылы 902 миң сомдон ашык киреше тапкан. Жакын туугандары жыл ичинде болгону 82 миң акча табышкан. Бөрүбаевдин 500 миң сомдук банктык аманат китепчеси да бар.