Ош: Калаа башчысы мэрияда кландык башкаруу бар экенин билдирди

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 30-декабрда «Ынтымак» телеканалына маек курду. Анда ал мэрияда ар кандай кландар башкарган система бар экенин билдирип, муну жоюуга аракет кыларын айтты.

«Мэриянын ар бир кызматтарында, биринчи вице-мэрден баштап жөнөкөй жумушчуга чейин ар бир жетекчинин артында кландар бар экен. Ош шаарында 7-8 клан бар дейт… Мен келгенде айтышкан “тигиге тийсең тигилер чыгат, буга тийсең булар чыгат” деп. Клан-план ал туура эмес. Татыктуу иштесин. “Биздики-сеники” деген маселе болбошу керек. Мен кландарды жоё албайм, бирок мэриядагы кландык системаны жокко чыгарганы аракет кылам», — деди ал.

Ошондой эле Жетигенов мэрияда сөзсүз түрдө кадрдык өзгөрүү болорун белгиледи.

Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп 2022-жылдын 29-ноябрында дайындалган. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол коюп, мурдагы мэр Алмаз Мамбетов кызматынан кеткен.