Баткен: Өзгөчө макамдагы айылдардын каржысын үч эсе көбөйтүү пландалууда

Баткен облусунун Көк-Таш айылына жакын такталбаган тилке. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Баткен облусунун мамлекеттик чек арага жакын тилкеде жайгашкан айылдарына өзгөчө макам бериле турган экинчи тизмеге 800 миллион сомго жакын каражат талап кылынат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө макам берүү боюнча экинчи тизме боюнча жумушчу топ иштеп жатат, бирок ага кире турган айылдардын критерийлери аныктала элек. Министр тизмени түзүүдө кайсы айыл чек арага канчалык жакындыгы акыйкаттык принцибинин негизинде аныкталарын айтты.

«Чек арага жакын айрым округдар өзүнчө статуска ээ болуп, токтом менен бекитилген. Аларга мамлекеттен кошумча субсидиялар жана дотациялар берилген, айрым төлөмдөрдөн бошотулган. Бюджеттен 250 миллиондон ашык каражат берилген. Статус берилген аймактардын тизмесин кеңейтүү үчүн дагы 800 миллионго жакын акча каражаты керек. Андай айылдарды аныктоодо, чек арага канчалык жакын экенин тактоодо акыйкаттык принциби болушу зарыл», — деди ал.

Чек арадагы тургундарга жеңилдик берүү максатында 2021-жылы «Баткен облусунун статусу» жөнүндө мыйзамга ылайык Баткенде 62 айылга өзгөчө макам берилген. Азыр 83 айылга, үч шаарга, үч конушка да макам берүү сунушу каралып жатканы айтылды.

Баткенде чек аранын такталбаган тилкелеринен улам чыр-чатактар байма-бай катталып турат. Акыркы куралдуу жаңжал 2022-жылдын сентябрында катталган. Анда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алган — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен облусунун башчысы «өзгөчө» макам берилген айылдардын тизмесин жарыялады