Медициналык профсоюз камактагы дарыгерлерге акча чогултуу жарыялады

Иллюстративдик сүрөт

2-январда Кыргызстандын көз карандысыз Медициналык кесиптик кошууну камактагы балдар дарыгерлерине юридикалык жардам көрсөтүү үчүн акча чогулта баштады. Бул тууралуу профсоюздун башчысы Бермет Барыктабасова Фейсбук барагында билдирди.

Барыктабасова кесиптик кошуун «юридикалык жардамга жана жактоочунун, эксперттин колдоо жана коштоосуна багытталып чогултулуп жаткан каражаттын ачык-айкындуулугуна кепилдик берилерин» белгиледи.

Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун беш врачы 10-январга чейин ТИЗОго киргизилген. Алар кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбай койгон деп айыпталууда.

Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган. Ушул эле иш боюнча дагы бир медицина кызматкери үй камагына кеткен.

«Клооптун» өздүк булактары сөз минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун иниси Нурлан Жапаровдун небересинин өлүмү тууралуу болуп жатканын айтып берген.

Буга чейин Медициналык профсоюздун башчысы Бермет Барыктабасова дагы врачтардын жапырт кармалышына «жогорку кызматтагы аткаминердин» баласынын өлүмү себеп болгонун жазган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан дарыгерлердин кармалышы боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Ал эми милициядан бала 2022-жылдын 13-ноябрында эртең мененки саат 07:00дө ичи ооруп ооруканага жеткирилип, 12:30да башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулуп, ошол жерден көз жумганын айтып беришкен.

Кесиптик милдетттерин талаптагыдай аткарган эмес делип айыпталып кармалган дарыгерлер 50 миңден 100 миң сомго чейин айыпка жыгылышы мүмкүн же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте «жогорку кызматтагы аткаминердин» баласынын өлүмү боюнча беш врач кармалды