Темирлан Султанбеков беш дарыгердин окуясына байланыштуу Зулушевге кайрылды

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков башпрокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, беш дарыгерди ТИЗОго киргизүү боюнча сот чечимине даттанууну өтүндү. Бул тууралуу саясатчы Фейсбук барагында жазды.

Анын айтымында, өлкөнүн жазык-процессуалдык кодексине ылайык, зордук-зомбулугу жок кылмыштарга айыпталгандарга ТИЗОдо кармоо чарасы колдонулбашы керек.

«Дарыгерлер — кылмышкер-рецидивисттер эмес. Алардыды түрмөдө кармап кереги барбы? Эч кайда кетпөө тил каты менен жумушун улантып, балдардын өмүрлөрүн сактай беришмек», — деп жазды Султанбеков.

Саясатчы дарыгерлердин күнөөсү бар же жогун тергөөчүлөр эмес, тажрыйбалуу, квалификациясы бар врачтардан турган комиссия аныкташы керек деп эсептейт. Андан тышкары, Султанбеков каза болгон баланын жакындары жогорку кызматтагы аткаминерлер деген маалымат тергөөгө басым кылынууда деген шектерди жаратууда деп кошумчалады.

«Көз жумган баланын жакындарына көңүл айтабыз, бирок тиешеси жок адамдарга карата адилетсиздик маркумдун жакындарынын кайгысын азайтпаса керек. Мындай окуялар укук коргоо системасынын репутациясын бузуп, элибиздин сот адилеттүүлүгүнүн бейтараптыгына жана калыстыгына ишенимин жоготот», — деди саясатчы.

Дарыгерлердин кармалышы

30-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту үч жашар баланын өлүмүнөн кийин беш дарыгерди 10-январга чейин ТИЗОго калтыруу чечимин кабыл алган. Алар кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбай койгон деп айыпталууда.

«Клооптун» өздүк булактары сөз минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун иниси Нурлан Жапаровдун небересинин өлүмү тууралуу болуп жатканын айтып берген.

Медициналык профсоюздун башчысы Бермет Барыктабасова дагы врачтардын жапырт кармалышына «жогорку кызматтагы аткаминердин» баласынын өлүмү себеп болгонун жазган. Анын айтымында, медиктерге ачык эле «түрмөдө чиритебиз», «дипломуңарды алып коёбуз» деп айтышкан.