Саламаттык сактоо министрлиги: Балдар дарыгерлери жакында бошотулат деп ишенебиз

Саламаттык сактоо министрлиги үч жаштагы баланын өлүмүнө байланышту беш дарыгердин камакка алынышы тууралуу комментарий берди. Мекемеден ушул тапта тергөө жүрүп жатканын, абалга таасир этүү мүмкүн эместигин айтышты.

«Жакын арада алардын бошотулаарына терең үмүт артабыз жана ишенебиз. Каза болгон баланын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ооба дарыгерлер дайыма эле медициналык жардамды көрсөтө албай калышат, бирок ар дайым бейтаптын өмүрүн сактап калыш үчүн колдон келгендин барын жасайбыз», — деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Алардын айтымында, дарыгерлер кармалгандан кийин «медициналык коомчулукта көпчүлүк дарыгерлер жумуштан кетүүнү же иш таштоону каалайт деген сөздөр жүрүп жатат».

«Биз бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз. Дарыгердин кесиби эң гумандуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү иш болуп келген жана боло берет, дарыгерлер ар дайым колунан келгендин баарын жасап, улуттун саламаттыгын сактоо үчүн аракет кылышат», — деп кайрылды министрлик медиктерге.

Министрликтен мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилгенин кошумчалашты. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлиги кармалган дарыгерлердин жакындары менен байланышта болуп, аларга жардам берип жатканын билдиришти.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору кармалган дарыгерлерден кабар алганын билдирди. Алардын айтымында, дарыгерлер катаал мамиле жана кыйноо боюнча даттанышкан эмес.

«Камакка алуу баш коргоо чарасы 28-декабрда кабыл алынганы менен, бүгүнкү күнгө чейин тергөө амалдары өткөрүлбөй жатканына даттанышты», — деп билдиришти Улуттук борбордон.

Буга чейин соттун басма сөз кызматы беш дарыгерди ТИЗО-1ге камакка алуу чечими 30-декабрда кабыл алынганын билдирген.

Балдар дарыгерлеринин камакка алынышы

Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун беш врачы 10-январга чейин ТИЗОго киргизилген. Алар кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбай койгон деп айыпталууда.

Сот дагы бир медкызматкерди үй камагына чыгарган.

Көз карандысыз медициналык профсоюздун башчысы Бермет Барыктабасова дагы врачтардын жапырт кармалышына «жогорку кызматтагы аткаминердин» баласынын өлүмү себеп болгонун жазган.

«Клооптун» өздүк булагы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун агасы Нурлан Жапаровдун небересинин өлүмү тууралуу сөз болуп жатышы мүмкүн деп билдирген. Жапаров өзү бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин медициналык коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылып, «медициналык кызматкерлерди негизсиз куугунттуктоого жана алардын медициналык милдетинен алагды кылууга жол бербөөсүн» өтүнүшкөн.

«Медиктерге ачык эле “аларды түрмөгө айдап” жана“дипломдорун тартып алабыз” деп айтышкан. Чынында болгон окуяга объективдүү кароонун ордуна өч алуу болуп жатат», — деп айтылат кайрылууда.