Зеленский Путиндин Рождествого карата элдешүү сунушун четке какты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия президент Владимир Путиндин Рождество майрамына карата элдешүү боюнча сунушун четке какты. Орусиянын мамлекет башчысы аскердик аракеттер жүрүп жаткан райондордо көпчүлүгү православдар жашай турганын айтып, элдешүү алардын рождество майрамдарына карата жөрөлгөлөргө, Христостун туулган күнүнүн сый-урматына катышууга мүмкүндүк берет деп билдирген.

Украина лидери мындай эс алуу орус арскерлерине күч топтоп алып, кайрадан жаңы өлүм алып келген сокку урушуна мүмкүндүк берет деп белгиледи.

«Азыр алар Рождество майрамын коргонуч катары колдонуп, кичине болсо да биздин балдардын Донбасстагы алдыга жылуусун токтотуп, биздин позицияга өздөрүнүн техникасын, курал жарактарын жана мобилизацияны жакындаткысы келип жатат. Кремль согушту жаңы күч менен улантуу үчүн кантип тыныгуу аларын бүтүндөй дүйнө билет», — деп айтты Зеленский.

Зеленский «ок атышууну токтотуунун ишенимдүү жана кепилдүү жолу бар» — бул орусия аскерлерин Украинанын аймагынан чыгаруу деп белгиледи.

«Силердин ракета менен дрондоруңар биздин шаарларга атылбаса дагы, басылып алынган аймактарда террор уланып жатат. Украиналыктарга дем алууга убакыт да бербей жатасыңар. Адамдарды кыйнап, токко тарттырып, зордуктап жатышат. Бул силердин аскерлер биздин жерде турганда күн сайын уланып жатат. Согуш силердин аскерлер чыгып кеткенде же биз кууп чыкканда гана токтойт», — деди ал.

5-январь кечинде Владимир Путин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга Украинадагы ок атышууну 36 саатка токтотуп турууну тапшырган. Путиндин жарлыгына ылайык, орусиялык аскерлер ок атышууну Рождество майрамына карата, 2023-жылдын 6 январында саат 12:00 баштап 7-январдын 24:00 чейин (Москва убакытысы боюнча) токтотушат. Ок атуу Украинадагы «тараптар ортосунда согуш жүрүп жаткан бардык тилкелерде токтотулат». Орусиянын коргоо министрлиги Путиндин бул жарлыгы аткарыларын тастыктады.

Путин ок атышууну токтотуу режимин орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кириллдин өтүүнүчүнөн улам жарыялаганын айткан. Ал 5-январда православдар чиркөөгө барып зыярат кылуу үчүн « тараптар ортосунда болуп жаткан жаңжалды 6-январ саат 12:00дөн 7-январь саат 24:00гө чейин» ок атышууну токтотууну суранган.

Украинада согуш башталганына 10 айдан ашты. Орусия Украинага өткөн жылдын 24-февралда Украинага «демилитаризация» жана «денацификация» зарыл деп кол салган.

БУУнун 27-декабрга карата маалыматына ылайык, Украинадагы согуштун айынан 6 884 жай тургун каза болгон. Дагы 11 миңден ашык адам жарадар болгон. Бирок уюмдан белгилешкендей, жаракат алгандардын саны алда канча көп болушу ыктымал. Бул тууралуу украин бийлиги да айтууда.