Бир видео: Атактуу блогер MrBeast кыргызстандык тиктокчу Арген менен бирге ролик тартты

MrBeast аты менен таанымал англис тилдүү, популярдуу YouTube-блогер Жеймс Дональдсон @argenby деп таанылган кыргызстандык тиктокчу Арген менен бирге ТикТокко ролик тартты.

@mrbeast Sigma x Beast #sigma @argenby • sigma ♬ WORTH NOTHING - Fast & Furious: Drift Tape/Phonk Vol 1 - TWISTED

Блогер видеону Аргендин роликтеринен кийин популярдуу боло баштаган Sigma челленджинин алкагында тартты. MrBeast жана Аргендин видеосу 78 млн жолу көрүлүп, 10 млн лайк топтоду.

MrBeast’ке ТикТокто 69 млн, ал эми YouTube-каналында 127 млн киши катталган. Ал Ютубда челлендж өткөрүп, таймаштарды уюштуруп, түрдүү сыйлыктарды ойноткону менен белгилүү.

Кыргызстандык тиктокчу Арген болсо «Америкалык психопат» фильминдеги сценаны мимиканын жардамы менен көрсөтүп бергенден кийин дүйнөгө таанымал болгон. Бул аракет жактырууну, колдоону түшүндүрөт.

Челлендж Sigma деп аталат. Англис тилдүү Urban Dictionary сөздүгүнө ылайык, Sigma — социалдык иерархия жана тышкы чөйрөнүн колдоосунан баш тартып, анын ордуна ички күчкө умтулган эркек.

Аргендин ТикТокто 13 млндон ашык катталуучусу бар. Анын видеолору көпчүлүк учурда 50 жана 100 млн жолу көрүлөт.