Дубай полициясы ырчы Анжеликанын бир жыл мурда жоготкон саатын кайтарып берди

Дубайдын полициясы ырчы Анжеликанын мындан бир жыл мурун эс алуу учурунда жоголуп кеткен 29,7 миң долларлык (110 миң дирхам) кол саатын кайтарып берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн укук коргоо органдары кабарлашкан.

Полициянын маалыматына ылайык, Анжелика саатын аэропортко чыгып баратып мейманкадан жоготкон, бирок аны Кыргызстанга жеткенде билген. Ырчы баалуу буюмун 2021-жылдын январындагы жол кырсыгында жоготуп алдым деп ойлоп, Дубайдын полициясына арыз жазган эмес.

Дубайдын полициясы ырчы менен байланыша албай койгон. Анткени мейманканада туристтик агенттиктин гана номери көрсөтүлгөн болчу. Анжелика соцтүйүндөгү каттарга да жооп берген эмес.

Ошентип саатты Анжелика Дубайга кийинки жолу келгенде гана кайтарып беришкен.