Казакстанда «Аватар: Суу жолу» казак тилине которулган тасмалардын арасында эң көп көрүлдү

Казакстанда «Аватар: Суу жолу» тасмасынын казак тилиндеги котормосун 42 миңден ашык адам көрүп, казакча тасмалардын ичинен эң көп көрүлгөн тасма болду. Бул тууралуу 6-январда Tengrinews басылмасы «Меломан» компаниясына таянып билдирди.

Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, казак тилин жаңы гана окуп баштаган казакстандыктар үчүн «тасманын билим берүүдөгү потенциялы өтө жогору».

«Кино тилди жайылтуунун эң сонун ыкмасы болуп эсептелет. Тасманы көрүү сөз байлыкты кеңейтүү менен ар кандай контексттеги сөз айкаштарын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми бул агартуу максатында тасманы экинчи жолу көрүп чыгууга себеп болот», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, тасманын казак тилиндеги прокатынан түшкөн пайдасы 69 млн теңгени же 148 миң долларды түздү. Тасма Aray Media Group студиясы тарабынан казакчаланган.

Казакстанда «Аватардын» экинчи бөлүгүн кинотеатрлардан миллиондон ашык адам көргөн. Бул казак тилине которулган голливуддун биринчи эле блокбастери эмес. Алардын арасында «Чёрная Пантера: Ваканда навеки» (Қара Қабылан: Ваканда жасасын), «Холодное сердце 2» (Мұзды өлке II) жана «Король лев» (Арыстан патша) тасмалары бар.