Акылбек Жапаров мал базардагы балчыктан улам Сокулуктун акимин бошотууну сунуштады

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Сокулук районундагы мал базардын талапка жооп бербеген абалынан улам райондун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сөгүш жарыялоо сунушун Жапаров 9-январдагы кеңешмеде киргизди.

«Бүгүн эртең менен мен Сокулук районундагы мал базарда болдум, анда сатуучуларга да, сатып алуучуларга да жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес. Президентке Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматынан бошотуу, ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоо тууралуу сунуш киргизем», — деп кайрылды Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө.

Өкмөт башчы бардык мал базарлар иретке келтирилиши тийиш деп айтылгандан бери бир жыл өткөнүн кошумчалады.

Минкабдын башчысы Сокулук районунун мал базарына ал барып кеткенден кийин иретке келтирүү иштери башталып, кум-шагыл төгүлгөнүн да белгиледи.

«Бул иш өткөн жылы жасалышы тийиш эле. Болгону маселени көзөмөлгө алуу керек болчу. Мындай иш болбойт. Бул облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнө акыркы эскертүү», — деп жыйынтыктады ал.

Жапаров Сокулук районундагы мал базарга 9-январда барган.

«Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүк базарларда андан бери жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп берген. Ал эми Сокулук районунун аймагында жайгашкан мал базардын абалы өтө начар бойдон калууда. Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо, азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек», — деп белгилеген ал.

Жапаров 2022-жылдын мартында минкабдын отурумунда республикадагы бардык мал базарларды ирээтке келтирип, асфальт төшөөнү тапшырган. Анда ал өлкө боюнча мал базарлардын абалын сынга алып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө мал базарларга асфальт төшөө үчүн бир ай убакыт берген.