Бир кадр менен: Бишкектеги көлчүктүн фонундагы «Эрк жана ишеним секириги» стрит-арты

«Эрк жана ишеним секириги» стрит-арты. Сүрөт: Станислав Спасский

Бишкекте Абдрахманов көчөсүндө бийликтин шалаакылыгына жана тротуарлардагы көлчүктөргө арналган стрит-арт пайда болду. Стрит-артты тартуу идеясы Peshcom медиа-активисттик демилгесине таандык.

«Абдрахманов көчөсүндөгү тротуардын ушул жеринде көп жылдан бери эле аба-ырайы начар кезде көлчүк болот, аны адамдар, велосипедчилер айланып өтүп убара. Биздин команда ушул көйгөйлүү тилкеге стрит-арттын жардамы менен көңүл бурдурууну чечти. Бул арт-интервенцияга Peshcom командасынын мүчөлөрү, кайдыгер эмес досторубуз менен шаардыктар катышты», — деди «Клоопко» Peshcom’дун журналисти Алексей Журавлёв.

Аталган стрит-арттын бейрасмий аты бар дейт журналист: «Эрк жана ишеним секириги». Ал 27-декабрда, Бишкекте кар жаап жатканда тартылган. Бирок кар эрип, көлчүккө айланганда арт актуалдуу экени көрүнгөн.