Бир кадр менен: Кемпир-Абад иши боюнча камактагыларды колдоо акциясында кармалгандар автозакта

Бишкекте 10-январда милиция Кемпир-Абад иши боюнча камактагы активист жана саясатчыларды колдоо митингине чыккан 30дай кишини кармап кетти. Акцияга көбүнесе алардын туугандары жана тааныштары чыгышкан болчу.

Сүрөт: «Азаттык»

Митингчилер жөө жүрүшүн ИИМдин алдынан башташмак. Бирок милиция акция башталганга чейин эле ИИМдин алдында митинг кылууга болбостугун билдирген.

Алар митингди улантыш үчүн ИИМдин алдынан кетип, Горький атындагы паркка жол тартышкан, бирок жолдо баратканда милиция аларды кармап, автозакка салып Биринчи май РИИБине алып кеткен.