Бишкек: Муниципалитет көлчүктөн секирүү тартылган стрит-артты боёп, суу түтүгүн орнотту

«Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери буга чейин Peshcom’дун активисттери «Эрк жана ишеним секириги» деп аталган стрит-артты тартып кеткен жердеги тротуарга чогулган көлчүктүн суусу агып сарыгышы үчүн суу түтүгүн орнотушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын кызматкери Индира Абылмейиз кызы Твиттердеги барагында билдирди.

«Аталган жерде “Бишкекалфальтсервис” жаандын суусу агып түшчү темир тор жана тотуарда топтолгон суу ага турган түтүк коюлду», — деп жазды Абылмейиз кызы.

Аны менен кошо муниципалдык кызмат активисттер тарткан стрит-артты үстүнөн боёп кетишти.

Буга чейин Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө бийликтин шалаакылыгына жана тротуарлардагы көлчүктөргө арналган стрит-арт пайда болгон. Стрит-арт Peshcom медиа-активисттик демилгесине таандык.

«Абдрахманов көчөсүндөгү тротуардын ушул жеринде көп жылдан бери эле аба-ырайы начар кезде көлчүк болот, аны адамдар, велосипедчилер айланып өтүп убара. Биздин команда ушул көйгөйлүү тилкеге стрит-арттын жардамы менен көңүл бурдурууну чечти. Бул арт-интервенцияга Peshcom командасынын мүчөлөрү, кайдыгер эмес досторубуз менен шаардыктар катышты», — деп «Клоопко» Peshcom’дун журналисти Алексей Журавлёв билдирген.