Экономика министрлиги кагаз тартыштыгынан улам макулатура экспорттоого чектөө киргизүүнү сунуштады

Иллюстративдик сүрөт: Economist басылмасы

Кыргызстанда ЕАЭБдин чегинен тышкары макулатура экспорттоого алты айга тыюу салуу сунушталды.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, буга кагаз, картон өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча ата-мекендик ишканаларда чийки зат жетишсиз болуп жатканы себеп болууда.

Мындан улам миңдеген жарандар иштеген жергиликтүү ишканалар жабылып, бюджетке салык жана салыктык эмес төлөмдөр кирбей калышы ыктымал.

«Кайра иштетилүүчү материалдарды өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча жергиликтүү ишканалар жабылса же толук иштебей калса, жумушчулар да жумушсуз калышат, бюджет бул тармактан кирешенин олуттуу көлөмүн жоготот», — деп айтылат талкуунун токтомунда.

Буга чейин, Кыргызстанда макулатураны экспорттоого тыюу салуу 2021-жылы киргизилген. Бирок аталган чектөө чийки заттын жетишсиздигин жарым-жартылай гана чечкен, анткени импорттун көлөмү жыл өткөн сайын азайып барат. 2022-жылдын 9 айына карата макулатура импортунун көлөмү 2428,8 тоннаны түзгөн.

Кыргызстанда «Бишкек Картон», «Алихан Компани», «Алтын-Ажыдаар», Paper Company, «Эфес ЛТД», «ИФА», «Кош Тамчы» сыяктуу кагаз продукцияларын өндүргөн бир нече ири ишканалар бар.

«Алтын-Ажыдаар» жана «Кош Тамчы» ЖЧКларынын маалыматына ылайык, өндүрүш ишканаларында чийки заттын тартыштыгы байкалып, өндүрүштүк кубаттуулук 30-40%ды түзүүдө.