Бишкекке алгачкы 20 жаңы автобус алып келинди — алар бюджеттик акчага сатып алынды

Бишкек мэриясы борбор калаага жаңы автобустардын алгачкы 20 партиясы келгенин билдирди.

Жапыс полдуу автобустун узундугу 10,5 метр экени, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылганы белгиленет. Транспорт 75 адамды ташууга ылайыкталган. Автобуста 26 орундук бар, 1 орун майыптуулугу бар адамдар үчүн каралган.

Мэриядан коомдук транспорт шаардык бюджеттин акчасына сатып алынганын айтышты. Ошондой эле президенттин тапшырмасы боюнча жалпысынан автобустарды сатып алууга 1 млрд сом бөлүнгөнүн билдиришти.

Муниципалитеттен жакын арада калаага калган дагы 100 автобус алып келинерин кошумчалашты.

Бишкек шаарында коомдук транспорттун жетишсиздиги бир топ жылдан бери эле маселе жаратып келет. Ал эми аткаминерлер тургундарды шартка ылайык тейлөө жана маршруткалардын санын кыскартуу үчүн борбор калаага кеминде 1300-1500 автобус жана тролейбус керектигин айтышууда.

Бишкек мэриясынын Шаардык траспорт башкармалыгынын автопаркынын балансында 476 автобус бар, анын ичинен 300 автобус жарактан чыгып токтоп турат. Учурда шаарды күнүнө 130 троллейбус жана 85 автобус тейлейт.