Бурулай өлтүрүлгөндө иштен алынган Марлис Асанов Ошко милициянын башчысы болуп барды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп Марлис Асанов дайындалды. Бул тууралуу «Клоопко» 10-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Асанов Талас ОИИБдин башчысы болчу. Ал кызматка 2021-жылдын башында дайындалган.

Асанов 2018-жылы Бурулай Турдалы кызы милициянын бөлүмүндө киши колдуу болгондон кийин Чүй ОИИБдин жетекчисинин орун басарлык кызматынан алынган.

Бурулайдын киши колдуу болушу

19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын 2018-жылы 27-майда өлтүрүп кетишкен. Милиционерлер аны ала качкан эки бала менен Жайыл РИИБне алып келишкен. Ошол жактан кыз бычак жеп, кийинчерээк кайтыш болгон. Милиционерлер аны ала качканардын бирөөсү Марсбек Бөдөшов өлтүргөн деп айтышкан. Алардын айтымында, Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип келип, бычак сайып, андан өзүнө да кол салган.

Бишкектин Свердлов райондук соту Марсбек Бөдөшовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Андан тышкары, Бөдөшов маркумдун үй-бүлөсүнө 800 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми Бурулайды ала качууга көмөк көрсөткөн Акмат Сейитов 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Мындан тышкары, Бурулай киши колдуу болгондон кийин 23 милиционер жоопкерчиликке тартылган. Алардын 13ү — ээлеген кызматттарынан бошотулган. Алсак, Чүй ОИИБнин башчысы Нурлан Сарчаев, анын эки орун басары — Марлис Асанов менен Канат Жумаев ээлеген кызматтарынан алынган.

Кененирээк окуңуз: «Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?