«Күчөтүлгөн даярдык». Балыкчы мэриясы шаарга өзгөчө кырдаал киргизилди деген маалыматты төгүндөдү

Балыкчыга 11-январда катуу суукка байланыштуу «өзгөчө кырдаал режими жарыяланды» деген маалыматты жергиликтүү мэрия төгүндөдү. Мэриянын басма сөз кызматы «Клоопко» шаарга болгону күчөтүлгөн даярдык режими киргизилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Балыкчыда шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жетип, абанын температурасы -18 градуска чейин төмөндөп жатат.

Мэриядан күчөтүлгөн даярдык режими киргизилгенден бери, электр жарыгын үзгүлтүккө учуратпоо, жылуулукту убагында берүү аракети жүрүп жатканын кошумчалашты.

Ал эми Балыкчы шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тургундарга катуу суукка байланыштуу узак жолго чыкпай турууну эскертти.

Буга чейин айрым басылмалар катуу сууктан улам Балыкчы шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын жазган.

Бир нече күн мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө катуу суук болорун эскерткен. Кыргыз гидрометтин маалыматын ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен кар, жамгыр жаап, айрым аймакта абанын температурасы -38 грудуска дейре төмөндөшү күтүлүүдө.

Мындан улам энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын жана Ысык-Көл облусундагы энергетиктерге күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырган.

Ошондой эле катуу суукка байланыштуу окуучулардын кышкы каникулу 11-январдан 16-январга чейин узартылган.

Тема боюнча:

Күтүлүп жаткан сууктан улам мектеп окуучуларынын эс алуусу 16-январга чейин узартылды

Ибраев күтүлүп жаткан суукта тоолуу аймактагы энергетиктерге күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырды