Кемпир-Абад иши: Активист Суранова президенттен улгайган аялдарды бошотууга көмөктөшүүнү суранды

Активист Перизат Суранова президент Садыр Жапаровго кайрылып, укук коргоочу Асия Сасыкбаева менен БШКнын мурдагы мүчөсү Гулнара Журабаеваны үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранды. Суранованы кошуп үчөө тең Кемпир-Абад ишинин фигуранттары.

Суранованын президентке жазган катын укук коргоочу Динара Ошурахунова Фейсбук барагына чыгарды.

«Асия Сасыкбаева 72 жашта. Гүлнара Журабаева 63 жашта. Экөөңүн тең саламаттыгы жакшы эмес, күндөн күнгө начарлап баратат. Эки чоң апа улгайган жашта, неберелери менен отура турган куракта, алар мыйзамсыз түрдө камакта отурушат. Күндөн күнгө абалы начарлап бараткан Асия Сасыкбаеванын ден-соолугуна ким кепилдик берет?» — деп жазган ал.

Суранова президенттен чыңдыкты жана адилеттүүлүктү күтөрүн белгилеген.

«Сиз президент катары, эненин кадыр-баркын, эмгегин баалап, эки аялдын камактан бошотулушуна, алардын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырылуусуна салым кошосуз деп ишенем», – деп кайрылды ал өлкө башчысына.

Суранова Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаеванын өздүгү такталганы, алардын туруктуу жашаган жерлери бар экенин дагы белгиледи.

«Мен аларды мыйзамды сактаган, коомчулукка коркунуч келтирбеген, өнүүгүнү, бакубатчылыкты самаган үлгүлүү инсандар катары билем. Алар Кыргызстандын түптөлүшүнө чоң салып кошту деп эсептейм», — деп жазган Суранова.

Президент Садыр Жапаровго камактагыларды бошотуу талабы буга чейин деле айтылып келет. Анткен менен Жапаров кимдир бирөөнү бошотуу боюнча буйрук бере албастыгын билдирген.

Президент Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп дагы айткан. Камактагылардын адвокаттары президенттин билдирүүсүнөн кийин Жапаров күнөөсүздүк презумпциясын бузду деп айтып чыгышкан.

Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын кармоо жана камоо

Суранова, Журабаева жана Сасыкбаева бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган башка саясатчылар жана активисттер менен бирге 23-октябрда кармалган.

Алардын бир бөлүгү кармоолорго чейин күн мурда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Алардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.