Маданият жана искусство университетинин жамааты Түмөнбай Колдошовдун ректор болуп шайланышына нааразы

Түмөнбай Колдошов

Маданият министринин орун басары, обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды. Бул маалыматты «Клоопко» 12-январда обончу өзү тастыктады. Ал эми аталган окуу жайдын эмгек жамааты жетекчини тандоодо «сынактын талаптары жана шарттары бузулганын» айтып, нааразычылык билдирүүдө.

Кызматкерлер 11-январь күнү нааразычылыгын айтып берип видео кайрылуу жарыялашты. Анда алар буга чейин «үч жолу кайрылуу жазганына карабастан, Билим берүү министрлиги окуу жайдын жетекчисин тандоодо эмгек жамаатынын пикирин эсепке албаганына» каршылыгын билдиришти.

«Азыркы мезгилде биздин университетте көп маселелер бар. Биз арабызда иштеген, ошол көйгөйлөрдү билген киши келсин деп өзүбүздүн талапкерлерди чыгарганбыз. [...] Биздин университетке адистиги дал келген, бардык эмгек жамааты ынанган, мурун-кийин ушул жерде көп жыл иштеген өзүбүздүн Калыбек Кемелов деген агайыбыз, Самат Көчөрбаев, Мырзали Жээнбеков деген композитор агайларыбыз бар. Эмнеге алар болбойт дагы, тыштагы адистиги дал келбеген Түмөнбай Колдошов ректор болушу керек?», — деп билдирди окуу-жайдын эмгек жамааты.

Аталган окуя боюнча «Клоопко» Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков «азырынча комментарий берилбейт» экенин айтты.

Маданият жана искусство университетинин мурдагы ректору Мамашарип Чотонов 2022-жылы 8-декабрда дүйнө салган. Аталган окуу жайды ал 2014-жылдан бери башкарып келген.

Ошол эле жылы 13-декабрда жетекчилик кызматка сынак жарыяланып, талапкерлердин документи 26-декабрга чейин кабыл алынган.

«Азаттык» үналгысынын маалыматына ылайык, кызмат орунга алты адам талапкер болгон — алардын үчөө ошол мекемеде иштегендер. Алдын ала эсептөө боюнча, эң көп добушту обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов алганы маалымдалган.

Түмөнбай Колдошов тууралуу эмне белгилүү?

Колдошов Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси болуп турганда 2022-жылдын август айында мекемеге карата каржылык маселе боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Ал «окуу жайдын бухгалтери коллежде иштебеген үч кишиге жана өзүнө мыйзамсыз акча которуп жүргөнүн, бул тууралуу бухгалтер кызматынан бошогондон кийин билингенин» айткан. Бирок «“акчаны кайтарып берем” деген убадасынан кийин укук коргоо органдарына кайрылбаганын» белгилеген.

Ошондой эле Колдошов өзү «аталган каражатка эч кандай тиешеси жок экенин» айткан. «Азаттык» үналгысынын маалыматына караганда, аталган иштен улам мамлекетке 600 миң сомдой зыян келтирилген.

Кийинчерээк, 2022-жылы 12-сентябрда, Колдошов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалган болчу.