Масалиев Башкы прокуратурадан Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотууну талап кылды

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев Кемпир-Абад ишинин фигуранттары өз чогулуштарында бийликти басып алуу жөнүндө бир да сөз айтышпаганын, ошондуктан Башкы прокуратурадан аларды бошотууну суранды.


«Ошол чай ичкенге мен да катышкам. Ал жерде бийликти басып алуу же бийликти алмаштыруу жөнүндө бир дагы сөз болгон эмес. Мен сизге күбө катары айтып жатам. Мага ишенсеңер. Эске алгыла, дагы бир карап бербейсиңерби соттон. 25 киши камакта отурат, бир дагы сурака чакырган жок. Мен сизге расмий түрдө ушул жерден айтып жатам. Мен ал жерде чай ичкем, отургам, ал жерде [бийликти басып алуу жөнүндө] бир дагы сөз болгон эмес. Дагы кандай көрсөтүш керек?» — деп кайрылды депута башкы прокурордун орун басарына.


Буга башкы прокурордун орун басары тергөө иштери жүрүп жатат деп жооп берди. Масалиев прокуратура органдары тергөөчүлөрдүн иш-аракетине көзөмөл жүргүзүп, Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын бошотушу керек деп талап кылды.

2022-жылдын октябрынын аяк ченинде Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган 20дан ашык активит, саясатчы жана укук коргоочу кармалган. Алардын баары массалык башаламандык уюштуруу даярдыгына айыпталган.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга басым болуп жатканын, кылмыш иши алардын Кемпир-Абад маселеси боюнча позициясынан улам козголгонун билдиришкен. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялап аларды Бишкектеги ТИЗОдон бошотуусун талап кылышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирген.